17 декабря 2018
Көгүлтүр от 17-декабрдан 21-декабрга чейин жок болот.
Борбор калаанын бир катар аймактарында беш күн бою газ болбойт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Компаниянын кызматкерлери кайра калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт.
Көгүлтүр от 17-декабрдан 21-декабрга чейин төмөнкү аймактарда жок болот:
— Кызыл куруучу, Керамика жана Кайыңды конуштарында;
— Төмөнкү Ала-Арча айылында (Анжиян, Логвиненко, Биринчи май, Зеленая, Колхоз, Кыргыз, Белинский, Коллектив көчөлөрүндө жана Аул, Жаңы айыл жана МЧК туюк көчөлөрү);
— Аламүдүн айылында (Гидрокуруучу, Алма-Ата, Набережная, Кожожаш, Гоголь, Школьная, Панфилов көчөлөрү).
Дагы: sputnik.kg, фото- © AFP 2018 / BARBARA SAX