Россиядагы элчилик шайлоого катышууну каалаган мекендештерге кайрылуу жасады

11 ноября 2021 Россиядагы элчилик шайлоого катышууну каалаган мекендештерге кайрылуу жасады

Жакынкы күндөрү шайлоочулардын тизмеде бар-жогун тактоо жана консулдук каттоого туруу мөөнөттөрү аяктайт.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги аталган өлкөдө жүргөн кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, 12-ноябрда шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо үчүн жарандардан арыз кабыл алуу аяктай турганын дагы бир ирет эскертти.

Ал эми 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого катышууну каалаган Кыргызстандын жарандары 15-ноябрга чейин шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн консулдук каттоодон өтүп, биометрикалык маалыматтарын тапшыра алары айтылды.

Буга байланыштуу элчилик мекендештерди добуш берүүгө активдүү катышууну жана Москва, Санкт-Петербург, Сургут, Самара, Краснодар, Казань, Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Тюмень, Томск, Иркутск, Якутск, Хабаровск, Владивосток жана Южно-Сахалинск шаарларында ачылган шайлоо участкаларына келүүнү өтүнөт.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жаңы чакырылышта 90 депутат болот, анын 54ү партиялык тизме, 36сы бир мандаттуу округ менен шайланып келет.

sputnik