Кыргызстандын жаранын кайтаруу маселеси боюнча эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда эки ирет сүйлөшүү болгон.
УКМКнын Чек ара кызматы быйылкы жылдын 21-октябрында Лейлек районунун Сада тилкесинде Тажикстандын УКМК кызматкерлери Кыргызстандын жаранын кармап кеткенин кабарлады.
Ал 24 жаштагы Айдарбек Хайдаров болгон. Алдын ала берилген маалымат боюнча, тажик тарап Хайдаровду чек арадан мыйзамсыз өткөн деп айыптап жатат. Ал атасы жашаган Тажикстандын аймагындагы Пахтакор айылынан кармалган.
Белгилей кетсек, Сада жана Пахтакор айылдары маңдай-тескей жайгашкан.
Кыргызстандын жаранын кайтаруу маселеси боюнча эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда эки ирет сүйлөшүү жүргүзүлгөн. Ошондой эле Баткен жана Согди облустарынын жетекчилеринин деңгээлиндеги жолугушуу болгон.
Маселе УКМК жетекчилигинин көзөмөлүндө экени, атайын кызмат кыргызстандыкты үйүнө кайтаруу үчүн бардык күчүн жумшап жатканы белгиленди.