Облустун символикалык атрибуттары 1998-жылы кабыл алынган. Кийин айрымдары саясий партиялардын эн белгилерине окшоп калгандыктан нааразычылыктар жаралып, колдонулбай калганы айтылды.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү облустун символикалык атрибуттарын кайрадан түзүүгө сынак жарыялап, жаңы эмгектерди издеп жатат. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктөн билдиришти.
"Сынак июндун аягында жарыяланган. Андан бери Жалал-Абад облусунун символикалык атрибуттарын кайрадан түзүү боюнча атайын комиссия төрт жолу отурум өткөргөн. Ар бир символикалык атрибуттарга төрт-бештен сунуш келип түшкөн. Бирок эмгектер комиссиянын купулуна толбогондуктан сынактын мөөнөтү узартылган", — деп билдиришкен алар.
Облустун символикалык атрибуттары 1998-жылдары кабыл алынган. Кийин алардын айрымдары саясий партиялардын эн белгилерине окшоп калгандыктан нааразычылыктар жаралып, колдонулбай калганы айтылды.
Сынакка бардык каалоочулар катышып, эмгектерин сунуштай алышат. Жеңүүчүлөргө жалпы 200 миң сом (тууга, гербге, ураандын текстине, ураандын музыкасына 50 миң сомдон) акча каражаты бөлүнгөн.
Акыркы тандоо күнү 15-ноябрда өтөрү маалым болду.