WhatsApp телефонго байланбай эле компьютерде иштөөнүн жолун сунуштайт

11 ноября 2021 WhatsApp телефонго байланбай эле компьютерде иштөөнүн жолун сунуштайт

Эми WhatsApp тиркемеси бир эле учурда төрт шериктеш түзмөктө колдонулушу мүмкүн, бирок бир аккаунтка бир гана телефон туташтырылат.

WhatsApp өзүнүн колдонуучуларына мессенжердин мобилдик версиясы менен синхрондоштурбастан эле компьютерде колдонууга мүмкүнчүлүк берген тиркемени сунуштады. Бул тууралуу WABetaInfo порталы билдирет.

Көптөн күткөн функция WhatsApp жана WhatsApp Business тиркемесинин Android жана iOS системаларында жаңы бета версиясында иштеп баштаганы айтылат. Бул функция тиркеме WhatsApp каражатынын жумушчу (десктопная) версиясы менен синхрондоштурулгандан кийин ишке киришет. Колдонуучу жаңы функцияны иштеткенден кийин анын смартфону бузулуп калса да WhatsApp тиркемесине кирүү үчүн кайра авторизациядан өтүп отурбайт.

Бир аккаунтту төрт түзмөктө иштетсе болот. Бул опцияны ишке ашыруу WhatsApp тиркемесинин коопсуздук системаларын толук оңдоону талап кылган. Белгиленгендей, бета тест этабында белгилүү бир чектөөлөр колдонулат. Тактап айтканда, программанын акыркы версиясын көчүрө электерге  үн жана видео билдирүүлөрдү жөнөтүү мүмкүн болбой калат.

sputnik