Ташиев: шайлоого аз калганда добуш сатып алгысы келгендер боюнча маалымат бар

11 ноября 2021 Ташиев: шайлоого аз калганда добуш сатып алгысы келгендер боюнча маалымат бар

УКМК төрагасы кызматкерлер шайлоо алдында күнү-түнү иштеш керектигин айтып, добуш сатуу алуулар болуп кетсе жазалана турганын айтты.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттангандардын арасында шайлоого 2-3 күн калганда добуш сатып алгысы келгендер боюнча маалымат бар. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Жалал-Абаддагы имаратынын ачылышында сүйлөп жатканда билдирген. 

Анын пикиринде, бийликтин чара көргөнүнө карабастан шайлоо мыйзамдарын бузуулар болуп жатат. 

"Кандидаттар өздөрү дагы мыйзамды сакташы керек. Бизде көптөгөн талапкерлер бир апта, эки-үч күн калганда добуш сатып алып баштайбыз деп күтүп жатканы боюнча маалымат бар. Силер (кызматкерлер) күнү-түнү уктабай көзөмөлдөшүңөр керек. Эгер добуш сатып алуулар болуп кетсе, кызматкерлер жазаланат", — деген Ташиев. 

Ал добуш сатып алганы аныкталгандар да жазага тартыларын эскерткен. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин шайлоонун үгүт иштерине аралашпоосу зарыл экенин белгилеген.

sputnik