Кипрде кыргызстандык өспүрүм бала снарядды басып алып каза болду

17 декабря 2018 Кипрде кыргызстандык өспүрүм бала снарядды басып алып каза болду

Кыргызстандык өспүрүмгө 13-декабрдын кечинде издөө жарыяланган.

 Кипрдин Морфу шаарында 13 жаштагы кыргызстандык бала каза болду. Бул туурасында evropakipr.com жаңылыктар порталы жазды.

Кыргызстандык өспүрүмгө 13-декабрдын кечинде издөө жарыяланган. Эртеси анын сөөгү Мевлеви аскер полигонунун жака-белинен табылганы айтылат.

Түркиянын Түндүк Кипрдеги бийлиги каза болгон баланын аты-жөнүн тактап, ал Мустафа Исмаилов экенин жарыялады. Тергөөнүн алдын-ала маалыматы боюнча кыргызстандык өспүрүм аскер полигонунда атылып, бирок жарылбай калган снарядды басып алган.

Ал эми Тышкы иштер министрлиги бул боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.



Дагы: sputnik.kg, фото - © AFP 2018 / IAKOVOS HATZISTAVROU