Вакцинанын арты менен оору азайды! Жапаров элди эмдөөдөн өтүүгө чакырды

10 ноября 2021 Вакцинанын арты менен оору азайды! Жапаров элди эмдөөдөн өтүүгө чакырды

Өлкөдө оору жуктургандардын жалпы саны 181 982ге жетип, анын ичинен 176 392 адам дартты жеңген. Көз жумгандардын жалпы саны пандемиядан тарта 2 694 адамга жетти.

Президент Садыр Жапаров өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды коронавируска каршы вакцина алууга чакырды.

Өлкө башчы статистика боюнча каза болгондор менен жуктургандар эмдөөдөн өтпөгөнүн белгилеген.

"Бүгүн 46 адамда COVID-19 аныкталды, үчөө каза болду. Баары эмдөөдөн өтпөгөндөр экен. Вакцина алыңыздар. Бүгүнкү күндө 1 миллион 16 миң жараныбыз эмдөөдөн өттү", — деди Жапаров.

Ал ошондой эле эмдөөнүн арты менен оору азая баштаганын кошумчалаган.

Өлкөдө оору жуктургандардын жалпы саны 181 982ге жетип, анын ичинен 176 392 адам дартты жеңген. Көз жумгандардын жалпы саны пандемиядан тарта 2 694 адамга жетти.

Кыргызстанда 2021-жылдын март айынан тарта элди коронавируска каршы эмдөө башталды. Вакцина алгач аялуу катмарга сайылса, май айынан тарта бардык жарандар үчүн жеткиликтүү болду.


sputnik