Вакцинанын арты менен оору азайды! Жапаров элди эмдөөдөн өтүүгө чакырды

10 ноября 2021 Вакцинанын арты менен оору азайды! Жапаров элди эмдөөдөн өтүүгө чакырды

Бул долбоор бишкектиктердин үйлөрүн көмүр менен жылытуу түйшүгүнөн арылтып, борбордогу абанын булганышын азайтат.

Бишкектин тегерегиндеги конуштардагы турак үйлөргө геотермалдык жылытуу долбоорун киргизүү пландалып жатат. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков билдирди.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков

Кыргызстанга россиялык компаниялардын Эл аралык көп тармактуу ишкер миссиясы келген. Новиков бизнес өкүлдөрүнө фонд экология жаатында эки долбоордун үстүндө иштеп жатканын айтты.

"Алардын бири геотермалдык жылытууну өнүктүрүүнү жана борбордун конуштарын ага этап-этабы менен которууну карайт. Бул жарандарды үйлөрүн көмүр менен жылытуу түйшүгүнөн арылтып, борбордогу абанын булганышын азайтат. Жылытуунун мындай түрүнүн баасы жакынкы келечекте көмүрдүн наркынан ашпоого тийиш", — деген фонддун төрагасы.

sputnik