Шайлоонун үгүт ишине аралашкан деген кине менен ректор, педагогика факультетинин деканы жана үч окутуучусу кызматтан алынган.
Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобековду бошотулган кызмат ордуна кайра алып келүү керек деген пикирин айтып, министрлер кабинетинин төрагасына кайрылды.
Эл өкүлү ректор студенттердин баарын көзөмөлдөй албайт деген пикирин билдирип, аны кызматтан алуу адилетсиз деп эсептерин айтты.
"Кечээ саясатка аралаштырып, 10 студент партиянын үгүт жыйынына катышты деп ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековду иштен алып койду. Эми ал бардык студентти көзөмөлдөй албайт. Ошондуктан муну калыс карап, кайра ордуна коюп коюш керек да. Ал көптөн бери жакшы иштеп келе жаткан жаш кадр, өсүш керек", — деди Бердиев.
Белгилей кетсек, кечээ, 9-ноябрда, ОшМУнун студенттери шайлоого аттанган партиялардын биринин үгүт иштерине катышкандыгы үчүн ректор Кудайберди Кожобеков, педагогика факультетинин деканы Муратбаев жана ошол эле факультеттин үч окутуучусу кызматтан алынган. Аны менен катар билим берүү жана илим министри Болот Купешевге, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланган.