Адис кулерден суу ичүүнүн кооптуулугун айтты

10 ноября 2021 Адис кулерден суу ичүүнүн кооптуулугун айтты

Товар жеткирүүчүлөрдүн баары эле сууну куяр алдында идишти ар дайым таза жууп, дезинфекциялабайт. Ошондуктан бөтөлкөдө адамдын ден соолугуна зыян боло турган заттар пайда болушу мүмкүн.

Кулер (пластик) идиштерде таратылуучу ичүүчү суулардын баары эле таза боло бербейт. Бул тууралуу "Барьер" компаниясынын биохимик-адиси Мария Кулешова "Прайм" агенттигине билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, суулар куюлган идиштердин баары эле талаптагыдай таза жуулуп, дезинфекцияланбайт. Мунун кесепетинен идиштин ичинде адамдын ден соолугуна зыян келтире турган заттар пайда болушу мүмкүн.

"Элдин көпчүлүгү крандан аккан сууга караганда кулердеги суу таза болот деп эсептешет. Бирок "Роскачества" агенттигинин изилдөөсүнө ылайык, анализге алынган 20 үлгүдөгү суунун ичинен алтоосунда тазалык эрежелери бузулган учурлар аныкталган. Тактап айтканда, микроорганизмдер нормадан жогору болгон, айрым учурда ченемден үч эсе ашып кеткен учуру байкалган", — деген Кулешова.

Адис суу түтүккө улап койчу пурифайерди (сууну калкып тазалоочу аппарат) колдонууга кеңеш берет. Анын айтымында, аппарат сууну механикалык бөлүкчөлөрдөн, оор металлдардан жана хлордон чыпкалап, ультрафиолет лампа менен дезинфекциялайт, ошондой эле сууну минералдар менен байытат.

sputnik