Италияда Кыргызстандын элчилиги расмий түрдө ачылып, иштей баштады, Сүрөт

10 ноября 2021 Италияда Кыргызстандын элчилиги расмий түрдө ачылып, иштей баштады, Сүрөт

Казакбаев элчиликти ачууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн Италия тарапка ыраазычылык билдирип, ал эми бул өлкөнүн ТИМ өкүлү Кыргызстан менен кызматташууларга даяр экенин айтты.

Италияда Кыргызстандын элчилигинин расмий ачылышы болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА МИД КР

Италияда Кыргызстандын элчилигинин расмий ачылышы болду

"9-ноябрь күнү Кыргызстандын тышкы саясат боюнча ведомствосунун жетекчиси Руслан Казакбаев Италияга иш сапар менен барган. Анын алкагында элчилик расмий түрдө ишке киришип, салтанаттуу иш-чарага Италиянын тышкы иштер министринин орун басары М. Серени жана ал жакта окуп, иштеп жүргөн кыргызстандыктар катышты", — деп айтылат билдирүүдө.

Казакбаев элчилик ачууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн Италия тарапка ыраазычылык билдирип, ал эми бул өлкөнүн ТИМ өкүлү Кыргызстан менен кызматташууларга даяр экенин айтты.

Эмдиги жылы Кыргызстан менен Италиянын дипломатиялык алакасынын түзүлгөнүнүн 30 жылдыгы белгиленет.

Эске салсак, бир нече жыл мурда Италияда кыргыз элчилиги жок болгондуктан мигранттар документтерди алуу үчүн бир топ убаракерчилик тартып жатканын айтып, өкүлчүлүк ачууну өтүнүп келишкен.

sputnik