Аялынын көңүлдөшүн балталап өлтүрдү. Окуянын чоо-жайы

10 ноября 2021 Аялынын көңүлдөшүн балталап өлтүрдү. Окуянын чоо-жайы

Алматы облусунда аялын бычактап өлтүргөн адам кармалды.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Расмий маалымат боюнча, Алматынын 32 жаштагы тургуну кармалган. Ал аялы көзүнө чөп салганын билгенде көңүлдөшүн балталап өлтүрөт. Аялы баарын мойнуна алган учурду эркек алгач видеого тартып алган. Андан кийин көңүлдөшүнө телефон чалып, жолугушууга чакырган. Аны көрөр замат колуна балта алып чуркаган.

"Ал 36 жаштагы аялынын ойношун бир эмес, бир нече жолу балта менен чапкан. Ал ооруканага жеткирилип, бирок ошол жерден каза болгон", — деп полиция билдирет.

Шектүү мурда да 2014-жылы байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келген ден соолукка атайылап оор залал келтирүү боюнча соттолгон. Белгилей кетсек, мыйзамда адам өлтүрүү үчүн бир топ жылга эркинен ажыратуу каралган. Бул аракет өтө ырайымсыздык менен жасалгандыктан, 20 жылга же өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.