Октябрь райондук милициянын башчысынын орун басары кармалды. Сүрөт

9 ноября 2021 Октябрь райондук милициянын башчысынын орун басары кармалды. Сүрөт

Милиционер 4-ноябрда колго түшүрүлгөн. Ал шектүү катары эки айга УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Бишкекте Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн Криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлады.

Маалыматка караганда, ал пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.

© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ГКНБ

Бишкекте Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн Криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары кармалды

УКМКдан билдиргендей, райондук милициянын кызматкери бир нече жарандын үстүнөн акча уурдады деген айыптоо менен жасалма арыз жаздырган.

"Арызды кароону токтотом деген доомат менен ал 80 миң сом талап кылып, моралдык жана психологиялык жактан кысым көрсөткөн", — деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

КР Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмүнө ("Пара талап кылуу") ылайык соттук өндүрүш ачылган.

Милициянын Н. Э. Д. аттуу майору 4-ноябрь күнү Көк-Жар айылында кармалган. Ошол учурда анын жанынан Макаров жана Калашников (АК-47) куралдарынын огу, бир нече кишинин паспорттору жана "Өтө жашыруун" деген белгиси бар документ табылган.

Сот чечими менен шектүү УКМКнын убактылуу кармоо жайына эки айга киргизилди.


sputnik