Чет элдиктер үчүн АКШга кирүүнүн жаңы эрежелери. Эмне өзгөрдү

9 ноября 2021 Чет элдиктер үчүн АКШга кирүүнүн жаңы эрежелери. Эмне өзгөрдү

Чет элдиктер эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификаттан тышкары авиакаттамга 72 саат калганга чейин тапшырылып, илдеттен таза экенин билдирген ПЦР тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү зарыл.

8-ноябрдан тарта АКШга аба каттамдары аркылуу келген чет элдик жарандарга милдеттүү эмдөө талаптары күчүнө кирди. Бул тууралуу Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (CDC) сайтында айтылат.

Жүргүнчүлөр учакка отурарда АКШнын Дары-дармектер жана азык-түлүктүн сапаттарын санитардык көзөмөлдөө башкармалыгы (FDA) тарабынан бекитилген же Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тизмесине кирген препаратттардын бири менен эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификатты көрсөтүшү керек. Бул тизмеге Janssen/J&J, Pfizer, Moderna, AstraZeneca, Covaxin, Сovishield, Sinopharm, Sinovac каражаттары киргизилген.

АКШда кабыл алынган көрсөтмөлөргө ылайык, каттамга эки жума калганда эмделген адам толук вакцинациядан өткөн деп эсептелет.

Дипломаттар же өлкөгө расмий иш сапары менен келгендер, 18 жашка чейинки балдар, эмдөө ала албай турган адамдар жана башка бир катар категориядагы адамдарга гана бул эреже таасир этпейт.

Чет өлкөлүк жарандар эмдөө сертификатынан тышкары каттамга 72 саат калганга чейин жасалган ПЦР анализинин илдеттен таза деген жыйынтыгы тууралуу маалым катты көрсөтүшү керек. Эгерде адам жакында эле COVID-19 менен ооруса (кеткенге чейин үч ай мурун), анда ал айыккандыгы тууралуу документти бере алат.

sputnik