Активист: электр жарыгы өчүп, бир жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүнө түштү

9 ноября 2021 Активист: электр жарыгы өчүп, бир жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүнө түштү

Ольга Труханова бийликке мындай абалдагы үй-бүлөлөрдү генератор менен камсыздап же жарык өчөрү тууралуу эртерээк кабар берүүнү сунуштады.

Биринчи балдар хосписинин жетекчиси Ольга Труханова электр энергиясы өчүп калгандыктан, бир жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүнө түшүп калганын айтып берди.

Ал социалдык тармактагы баракчасына жазганына караганда, наристеге кычкылтек концентратору зарыл болгон. Бирок үйдө эки күн жарык жок болгондуктан, баланын сатурациясы түшүп кеткен. Ошондой эле анын какырыгын маал-маалы менен сордуруп, тазалап туруу зарыл эле.

Труханова наристе кичине жакшы болуп калганын айтып, бирок балдар мындай коркунучка кептелбеши керектигин эске салды. Ошондой эле ал бийликке мындай абалдагы үй-бүлөлөрдү генератор менен камсыздап же жарык өчөрү тууралуу эртерээк кабар берүүсүн сунуштады.

ЖМКлардын жазганына караганда, үй-бүлө Ош облусунда жашайт. "Ош электр" ЖЧКсы менен Энергетика министрлиги комментарий берүүнү убадалашты.

sputnik