Кыргызстандыктар телефон жана интернет үчүн канча акча төлөөрү эсептелди

9 ноября 2021 Кыргызстандыктар телефон жана интернет үчүн канча акча төлөөрү эсептелди

Соңку жылдары өлкө жарандары телефон аркылуу азыраак сүйлөшүп, интернетке өтө баштаганы байкалды.

Кыргызстанда соңку беш жылдын аралыгында телефон аркылуу сүйлөшкөндөрдүн саны эки эсеге азайып, интернет колдонгондор үч эсеге көбөйдү. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин 2016-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын маалыматтык-коммуникациялык технологиялары басылмасында жазылган.

Статистикага ылайык, 2016-жылы уюлдук компаниялар телефон аркылуу сүйлөшүүдөн 20 миллиард 777,8 миллион сом киреше тапкан. Бирок ал сумма жыл сайын азайып отуруп 2020-жылы 10 миллиард 899,2 миллион сомго чейин түшкөн.

Ошол эле учурда интернет-каналдарды берүүдөн кирешеси көбөйө баштаган. Алсак, 2016-жылы кыргызстандыктар интернет үчүн 2 миллиард 974,7 миллион сом төлөсө, 2020-жылы 9 миллиард 57,6 миллион сомго жеткен.

Жалпысынына телекоммуникация чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдөн 22 миллиард 614,1 миллион сом түшкөн.

sputnik