Тойгонуңду билбей каласың... Магний жетишсиздигинин 7 белгиси

9 ноября 2021 Тойгонуңду билбей каласың... Магний жетишсиздигинин 7 белгиси

Магний организмди энергия менен камсыз кылууга жооп берет. Ал жетишпесе тамактануу, уйку режими бузулуп, адам стресс болот.

Организмге магний жетпей жатканын анализ тапшырбай эле же дарыгерге барбастан кантип билсе болорун РИА Новостиге нутрициолог Ольга Ковиненко айтып берди.

"Магний организмди энергия менен камсыз кылууга жооп берет. Анын жетишсиздигинен адам көп тамактанып алат, бөтөнчө таттууну эңсейт. Булчуңдар менен мээнин тамырлары тартышып, мунун айынан ткандарга кычкылтектин баруусу менен азыктануусу начарлайт", — деген нутрицолог.

Анын айтымында, ден соолукка зарыл микроэлементтин организмге жетишсиздигин төмөнкү симптомдордон улам аныктоого мүмкүн:

кечке жуук бут чымырагансыйт, аны жазуу үчүн басайын дейсиз, ошентип уйкуңуз качат;

булчуңдар карышып, титирейт;

чач түшүп, тырмак морт болот;

баш, жүрөк ооруйт;

өнөкөт чарчоо, тагыраагы, уктап тургандан кийин деле эс алгандай болбойсуз;

уйкусуздук, алсыздык.

майда-баратка ачууланып, тынсызданып, стресс болосуз.

sputnik