Тажикстан менен чектешкен жердеги кыргызстандыктын сарайы өрттөнүп кетти

9 ноября 2021 Тажикстан менен чектешкен жердеги кыргызстандыктын сарайы өрттөнүп кетти

Таңкы саат 05:30да чыккан өрт бир саатка жетпеген убакытта толугу менен өчүрүлгөн. Тиешелүү органдар чек арада чыккан кырсыктын себебин териштирип жатат.

Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Көк-Таш айылындагы Дахма участкасындагы шарттуу чек ара сызыгына жакын жерде Кыргызстандын жаранынын сарайынан өрт чыкты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Бүгүн болжол менен таңкы саат 05.30дар чамасында Көк-Таштын А.Ж. аттуу тургунунун сарайы күйүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын тобу саат 06.15те өрттү толугу менен өчүргөн.

Тиешелүү органдар тарабынан өрттүн келип чыккан себептерин териштирүү иштери башталды.

УКМК 2021-жылдын 9-ноябрына карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөйт.


sputnik