Геморройго муну сүйкөсөңүз айыгат

9 ноября 2021 Геморройго муну сүйкөсөңүз айыгат

Дарылоону качан жана кантип жасоо керектиги төмөндө жазылган.

Акыркы убакта геморрой оорусуна кабылгандарды көп угуп жатабыз. Жоон ичегиде жайгашкан геморроидалдык түйүндөрдүн ашыкча чоңоюшунан пайда болгон бул оору кыймылды кыйындатат, бутту оорутат, каалагандай жатууга мүмкүнчүлүк бербейт. Бул оору эркектерде да, аялдарда да кездешет.

Геморройду элдик ыкма менен дарыласа болот. Болгону жаңыдан башталган ооруга гана колдонуңуз.

Узун кесилген чийки картошканы же кызылчаны майга чылап көтөн чучукка киргизесиз;

Өрүктүн майын көтөн чучукка сүйкөп коюу да эң сонун дары болот. Бул майды каалаган дарыканадан тапса болот;

Зверебой майынан жасалган клизма да сонун жардам берет;

Көтөн чучукка бир тиш сарымсакты салсаңыз, жыйынтыгын көрөсүз. Ошол учурда бир аз ачыштырышы мүмкүн. Бирок, бул ооруну басып, тезирээк айыгууга жардам берет. Сарымсак улуу заара менен кошо кайра сыртка чыгат.

Мындан тышкары, сабиз, алма жана жүзүм ширелерин аралаштырып ичсеңиз геморройду айыктырат;

Ач карын сары суу ичиңиз. Күнүнө 2 маал 1-2 стакан сары сууну ичсеңиз геморройдон таза айыгасыз;

1 литр сүткө тууралган 1 пиязды салып кайнатабыз. 10 мүнөттөй кайнагандан кийин чыпкалап, ваннага жылуу суу менен аралаштырыңыз. Бул сууга 15-20 мүнөт отурасыз. Бул ыкма ички геморройду дарылайт;

Муздак сууга отуруу да геморройду айыктырат. Ал үчүн идишке 1 литр муздак суу куюп, 5 мүнөт отуруңуз. Дарылоону күнүнө 2 жолу эртең менен жана кечинде жасайсыз. Сууга марганецтин бир аз эритмесин кошсоңуз, дарылык касиети эки эсе көбөйөт;

Эгер аналдык тешиктен кан агып жатканын байкасаңыз, ак капустаны көбүрөөк жеп, 1/2 стакан ачытылган капуста ширесин ичиңиз. Геморройдун айынан көтөн чучук жарылса, бал сүйкөңүз. Дарылоону күнүнө бир жолу жатар алдында жасайсыз.

Геморройду дарылоодо төмөндөгүлөрдү чектеңиз

Геморройго кабылгандар крахмал, ачыткы, ысык кофе, чай, спирт ичимдиктеринен баш тартуу керек. Мындан тышкары, буурчак, горчица, калемпир, ачуу тамактарды, чийки жемиштерди жана банандарды чектеп туруу керек. Анын ордуна түстүү капуста, балык, бал жана пиязды үзгүлтүксүз жеңиз. Пияздын ширесин 1 аш кашыктан күнүнө 3-4 маал ичсеңиз да чоң шыпаа болот. Чийки жашылча-жемиштерден жасалган ширелер да абдан пайдалуу.

Геморройдун алдын алуунун эң эффективдүү жана түз жолу бул туура тамактануу, физикалык активдүүлүк, ич катуунун алдын алуу, арыктоо экенин унутпаңыз!