Казакстанда абактан чыккан педофилдерге электрондук билерик тагылат

9 ноября 2021 Казакстанда абактан чыккан педофилдерге электрондук билерик тагылат

Учурда Казакстандын түрмөлөрүндө жашы жете электерге ыдык көрсөткөн эки миңден ашуун адам жазасын өтөөдө. Электрондук билериктин жардамы менен педофилдин жүргөн жерин билүүгө болот.

Казакстандын Ички иштер министрлиги кийинки жылы абактан чыккан 300дөн ашуун педофилге электрондук билерик тагат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

ИИМ башчысы Ерлан Тургумбаев жыл этегине чейин пилоттук долбоордун алкагында 80 киши электрондук билерик менен камсыз болорун айткан.

Ал эми кийинки жылы билерикке 356 миллион теңге (70 миллион сомдон ашат) бөлүнмөкчү. Себеби алар ижарага алынат, бир билерик үчүн айына 10 миң теңге (2 миң сомго жакын) төлөнүшү керек. Сатыктагы баасы 200 миң (39 миң сом) теңгеден ашары белгиленет.

Учурда Казакстандын түрмөлөрүндө жашы жете электерге ыдык көрсөткөн эки миңден ашуун адам жазасын өтөөдө. 330 адам сыноо мөөнөтүндө кармалып турат.

Электрондук билериктин жардамы менен педофилдин жүргөн жерин билүүгө болот. Эгерде ал сыноо мөөнөтүн бузса, полициянын планшетине сигнал жөнөтүлөт. Экинчи жолу бузса эркиндигинен ажыратылат.

sputnik