Айсулуу Тыныбекова Чикагодогу мекендештер менен жолукту. Видео

8 ноября 2021 Айсулуу Тыныбекова Чикагодогу мекендештер менен жолукту. Видео

Балбан ушул тапта Америкада машыгып, эс алууда. Ал жолугушууда күйөрмандарына командасынын атынан ыраазычылык билдирди.

Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова АКШнын Чикаго шаарындагы мекендештер менен жолукту. Бул тууралуу ал Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

ВИДЕО

Спортчунун айтымында, жолугушуу Чикагодогу Кыргыз маданият борборунда өткөн.

"Сиздердин ынтымагыңыздарды көрүп жүрөгүм абдан жылып турат. Күйөрмандарыма, жалпы кыргызстандыктарга өзүмдүн жана командамдын атынан терең ыраазычылык билдирем. Жолугушууда жаштар, балдар көп экен. Кыргызстанга салымын кошкон, келечеги кең жаштардан болушсун демекчимин!" — деп жазган балбан.

Тыныбекова буга чейин АКШда машыгып жаткан сүрөттөрү менен бөлүшкөн. Машыктыруучусу Нурбек Изабеков Айсулуу Америкага эс алганы кеткенин айтып, спорттук жактан табында болуш үчүн ал жактан да машыгып турарын белгилеген.

Айсулуу Тыныбекова — Токио оюндарынын күмүш байге ээси. Ошондой эле быйыл Осло шаарында өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынып, дүйнөнүн эки жолку чемпиону аталган.

sputnik