Сексолог эркектин күч-кубатына оң да, терс да таасир тийгизчү азыкты атады

8 ноября 2021 Сексолог эркектин күч-кубатына оң да, терс да таасир тийгизчү азыкты атады

Дарыгердин айтымында, дени сак жашап, туура тамактанам дегендер адистер менен кеңешпей эле организмге керектүү заттардан баш тартып коюшат.

Эркектердин рационунда эттин жоктугу күч-кубатына терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу Sputnik радиосуна кесипкөй дарыгер-сексологдордун бирикмесинин президенти Евгений Кульгавчук билдирди.

Анын айтымында, дени сак жашап, туура тамактанам дегендер адистер менен кеңешпей эле организмге керектүү заттардан баш тартып коюшат.

"Маселен, эркектер этти такыр эле жебей койбош керек, себеби бул сексуалдык жактан алсыздыкка алып келет. Белоктун жетишсиздиги чылым, алкоголь, уйкусуздук сыяктуу эле эркектин ден соолугуна зыянын тийгизет. Бирок эт жебесе эле күч-кубат азайып кетет деп чочулабаш керек, себеби кээ бир эркектердин жыныстык мүмкүнчүлүктөрү табиятынан ар кандай терс факторлорго туруштук бере алат", — деген сексолог.

Дарыгер эттин эркек кишилер үчүн пайдалуу жактарын санап, ошол эле маалда ашыкча жебеш керектигин эскертти.

"Эттеги холестерин тестостерондун иштелип чыгышына катышкан баалуу азык, ошондой эле булчуң эттерди өстүрүүгө жардам берген лейцин амин кислотасына ээ. Бирок этти өтө көп жегенде жүрөк-кан тамыр системасы менен зат алмашуунун ишин бузуп, эрекцияга терс таасирин тийгизет", — деди адис.

Сексолог майлуу эмес, мисалы, уй менен үндүктүн этин, ошондой эле белок үчүн бөдөнөнүн жумурткасын колдонууну сунуштады.

sputnik