Кыргызстандыктар жакында жабыла учкан топ жылдыздарды көрүшү мүмкүн

8 ноября 2021 Кыргызстандыктар жакында жабыла учкан топ жылдыздарды көрүшү мүмкүн

Агым 6-ноябрда активдеше баштаган, 30уна чейин созулат. Эң жогорку интенсивдүүлүктө саатына 15 метеориттин учуусу күтүлөт.

18-ноябрга караган түнү Леонид метеориттер агымы жогорку чегине жетет. Бул туурасында Москва планетарийи жазды.

Агым 6-ноябрда активдеше баштаган, 30уна чейин созулат. Эң жогорку интенсивдүүлүктө саатына 15 метеориттин учуусу күтүлөт. Эгер асманды булут каптабай турса, кыргызстандыктар жылдыз учканын көрө алышат. Кубулушка байкоо салууга Ай тоскоол болбойт. Анткени Ай кичирейип, жаңылануу фазасына кирет.

Леонид метеориттер агымы Арстан жылдызынын атынан аталган. Леониддер Күндүн тегерегинде 33 жылда бир айланган 55P/Темпель — Таттла куйруктуу жылдызынын (комета) калдыктарынан жаралган.

Агымдын кыймылы улам өзгөрүп турат. Бирок ар бир 33 жыл сайын күчөп, жылдыздуу жамгыр, нөшөр, жадагалса бороон түрүндө жерге "жаап" турат. Мисалы, 1966-жылы саатына 10 миңге чейин метеорит учканы байкалган, башкача айтканда, секундасына дээрлик 30 жылдыз учкан.


sputnik