Кызгылтым мотоцикл минген байкер кыздын таңгалдырган видеосу

8 ноября 2021 Кызгылтым мотоцикл минген байкер кыздын таңгалдырган видеосу

Кызгылтым мотоцикл жана экстрим санкт-петербургдук бул кыздын жашоосунун бир бөлүгү. Видеодон жүзү көрүнбөгөнү менен жүрөктү түшүргөн ыкмаларды жасаган байкер башкаларды таңгалдырбай койбойт.

Дарья Харченко туурасында Sputnik Aзербайжан жазган.

Анын темир тулпарын чеберчилик менен айдап, ар кыл трюктарды жасап жаткан кадрларын бир орунда отуруп, тынч көрүүгө мүмкүн эмес. Баса, окурмандарга бул ыкмаларды туураганга болбой турганын эскертебиз.

Харченко - азырынча Россиядагы бирден-бир стантрайдер экенин билдирген. Өзүнүн YouTube каналында ал учурдагы алек болуп жаткан спорттун бул түрү туурасында жана ага кантип келип калганын айтып берген. Мотоцикл менен университетте жүргөндө "ооруп калганын" баяндаган. Алгач имараттын алдында токтоп турган техникаларды кылчактап карай берсе, кийин экстремалдык спорттун бул түрүнө биротоло ооп кеткен.

ABM Jazz 125 Дарьянын 2014-жылы сатып алган темир тулпары болсо, жыл айланбай, стантрайдинг үчүн ыңгайлашкан Kawasaki Ninja ZX636ны алган.

Алгач бир айда бир ирет машыкса, кийин көп убакыт бөлө баштаган. Акырындап отуруп чеберчилиги артып, чалкалатып алып, бир дөңгөлөк менен айдаганды өздөштүргөн.

Видеодон анын жерден чаң чыгара чимирилтип, үстүнө тикесинен туруп алып, рулду кармабай кетип бара жаткан жана бир топ татаал, кайталаганга болбой турган ыкмаларды жасаганын көрүүгө болот.

Дарьянын айтымында, бул анын иши да, хоббиси да болуп калган.

sputnik