Белгилүү саясатчы, улуттук "көк бөрүнү" өнүктүргөндөрдүн бири Болот Шердин дүйнө салганынан бир жылдан ашты. "Туяк" рубрикасында Болот Шерди эскерип кызы Асел Шерниязова менен интернет аркылуу байланышып, атасы, иши жөнүндө маектештик.
Асел Шерниязова учурда АКШнын Лос-Анжелес шаарында жашайт. "Алтын глобус" дүйнөлүк кино уюмунун Борбор Азия боюнча мүчөсү.
— Жакында эле "Алтын глобус" дүйнөлүк кино уюмуна Борбордук Азиянын атынан мүчө болуптурсуз, куттуктайбыз! Мындай абройлуу уюмга мүчө болуш оңой болбосо керек?
— Куттуктооңузга чоң рахмат! Абройлуу "Алтын глобус" дүйнөлүк кино уюмуна биринчи жолу Борбордук Азиянын атынан кирүү сыймык, чоң жоопкерчиликти артты. Мага жүктөлгөн милдеттердин бардыгын так, туура аткарууга болгон күчүмдү жумшайм. Бул уюмга мүчө болуу бир күндө эле чечилип калган жок. Ал үчүн узак убакыт бою тынбай аракеттенүү, даярдануу, талыкпаган эмгек жумшалды. Себеби "Алтын глобуска" кабыл алуунун да өз жолдору, талаптары бар. Бул жылы аталган уюм менин талапкерлигимди тандап, пайдалуу иштерди жасай аларыма ишенгенине абдан ыраазымын.
— Негизи эле сиздин кесибиңиз кытай тили жана фармакология тармагы экен. Кино жаатына келип калышыңыздын себеби жана сизди жетелеп келген жол да кызык болсо керек?
— Ооба, мен Медициналык академияны аяктагам. Мындан тышкары, бизнес-экономика жаатында билимим бар. Ар кыл тармакта иштедим. Бирок жан дүйнөмө тынчтык бербеген чыгармачылык акыры мени жеңди окшойт. Үй-бүлөбүз менен чыгармачылыкка жакынбыз, агаларым да ишмердигинин бир бөлүгүн, күчүн улуттук маданиятты өнүктүрүүгө арнап келишкен. Бул сапат эртеби-кечпи менден аттап өтүп кете албайт болчу. Ушул кино тармагына мени тарткан агам Садык Шер-Ниязга чын жүрөгүмдөн ыраазымын. Азыр болгон күч-аракетимди жумшап иштеп жаткан ишим ырахаттануу гана тартуулабастан, Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын кинематографиясына чоң салым кошот деп үмүттөнөм.
— Дүйнөлүк кино индустриясында аралашып жүргөн адис катары кыргыз киносуна берген бааңыз жана келечегине жоромолуңуз кандай?
— Кыргызстандын кино тармагы барган сайын өсүүдө. Азыр жаңы жүздөр пайда болуп калды. Учурда кыргыз фильмдерин башкалар да таанып, талкуулай баштаган кез. Көп режиссёрлорубуздун Кыргызстанга гана таандык кинематографиялык эмгек экенин дароо аныктай турган өзүнө тиешелүү өзгөчөлүгү бар. Ошондой эле "картинаны" башка жагынан да көрө билген, жаңы концепция менен иштеген адамдардын да киного баш бакканы кубандырат. Муну менен катар Кыргызстандын кино жаатында улуу муун менен жаңы жүздөрдүн тил табышып, тажрыйба алмашып бирге иштешип жатканы жакшы жөрөлгө. Мындай кызматташуу абдан жемиштүү болоруна терең ишенем.
Асел Шерниязова белгилүү түрк актрисасы Мерьем Узерли менен...
— Эми кепти үй-бүлөңүзгө бурсак. Атаңыз Болот Шер улуттук баалуулуктарды көтөрүүнү биринчи орунга койгон элибиздин азамат уулу эле...
— Ооба, ошондой инсан болчу. Азыр мен Лос-Анжелестемин. Алыста жүргөнүм үчүнбү, айтор, атамдын бул дүйнөдө жогу мен үчүн эки эсе оор. Быйыл атам каза болгондон кийинки эң биринчи кинофестивалды өткөрүүдөбүз. Ал тирүү болсо телефон чалып, алыстан болсо да колдоп же жаныма учуп келип жакшы сөздөрүн айтып, мени менен сыймыктанмак. Бүгүнкү жасап жаткан иштерим, атамдын калтырып кеткен ошол эмгегиндей элибизге, улуттук маданиятыбызга зор пайда алып келишине үмүт артам. Ал киши улуттук баалуулуктарды биринчи орунга койчу.
— Социалдык тармактагы бир постуңузда "ушул ийгиликтеримди атам көрсө сыймыктанмак" деп жазыптырсыз. Ал кишиге жакын белеңиз?
— Мен атама өтө жакын элем. Аябай жакшы көрчүмүн. Так ушул тапта ал кишинин карааны көзүмдөн учуп жатат (ыйлап)... Эми жашоодогу бирден-бир милдеттеримдин бири атамдын татыктуу кызы болуу деп билем. Анын арбагы мени колдоп жүргөнүн жүрөгүм сезет. Буга ишенем...
Мурдагы Ички иштер министри жана Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шердин аскерде кызмат өтөп жүргөн кези.
— Жалпы эле үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз. Адатта мындай оор жоготууга учураган адамдын жашоосу "чейин", анан "кийин" деп бөлүнүп калат эмеспи?
— Менин жеке жашоомдо баары жакшы. Сүйүктүү жолдошум экөөбүз эки баланын ата-энесибиз. Бирок азыр жашоо такыр эле башкача болуп калды. Оор, албетте. Мурда зор таянычым бар болчу. Азыр атамсыз кайсы бир жагынан алсыз болуп калышым мүмкүн. Бирок ошол эле учурда өзүбүзгө гана ишенүүгө туура келгендиктен күчтүү да болуп чыга келдик. Атасыз өмүр сүрүү — бул такыр башка жашоо экен.
— Апаңыз тууралуу да сурагым келип турат...
— Менин апам укмуштуудай сонун адам. Менимче, ал абдан назик жана камкор аялзатынын катарын толуктайт. Атамдын бул жашоодо жетишкендиктерине, жасаган эмгектерине жана биздин ийгиликтерибизге апамдын салымы зор. Анткени ал бардык күчүн, сүйүүсүн, акылын, билимин үй-бүлөсүнө арнады. Өзү да абдан акылдуу, сулуу, күчтүү адам.
— Бала чагыңыз кандай өткөн, эмнени кыялданар элеңиз?
— Мектепти Бишкекте окудум, бирок жайкы эс алуунун баары Таласта өтчү. Атам Манас районунун Покровкасынан болсо, апам Бакай-Атадан. Мен ушул эки райондун ортосунда эле туугандарымды кыдырып жүрчү элем. Ошол кичинемде эле артисттик өнөрлөрүм бар болчу. Дайыма ырдап, бийлеп, башкалардын көңүлүн өзүмө буруп, адамдардын көңүл чордонунда болууну кыялданар элем.
Кичинекей Асел атасы Болот Шер менен...
— Атаңыз менен өткөн жакшы бир учурду же окуяны эскерип бериңизчи?
— Андай күндөр абдан көп. Чынын айтканда, өмүрүмдө ал кишидей айкөл адамды жолуктура элекмин. Жүрөгү абдан кенен, боорукер эле. Бир жолу мен Кытайда окуп жүргөндө жолдо кетип баратканбыз. Анан алдыбыздан бир канча күндөн бери ачка калган студенттерди кезиктирдик. Ошондо атам алардын баарын ээрчитип барып акчасын аябай курсактарын жакшылап тойгузду. Анан "кийин менин балдарым да жардамга муктаж болуп калса, алардын да жолунан жакшы адамдар жолугуп, жардам берет" деген эле (ыйлап)...
— Болот Шердей эле агаңыз Садык Шер-Нияз да улуттук маданиятка баа берген инсан. Бул сапат кайдан деп ойлойсуз? Чоң аталарыңызданбы же тай тараптанбы?
— Абдан кызык суроо экен. Муну мен да өзүмчө анализдеп чыктым эле. Анткени биздин үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары эле каада-салт, үрп-адат, улуттук маданиятка абдан көңүл бурат экен. Бул биздин каныбызда болушу керек. Анткени өзүмдү деле алсам, чыгармачылыкка аралашып, элиме кичине болсо да пайда келтирип турбасам мага бир нерсе жетишпегендей боло берет. Ордумду таба албай кыйнала берем. Дайыма коомдук иштерге, чыгармачылыкка аралашып турушум керек. Мүмкүн бул мактанып жаткандай сезилер, бирок ичимде кандайдыр бир программа орнотулгандай сезим боло берет.
Асел Шерниязова: кино тармагына мени жетелеп келген агам Садык Шер-Ниязга чын жүрөгүмдөн ыраазымын.
— Азыр сиздер өткөрүп жаткан Дүйнөлүк Азия кинофестивалынын жүрүшү тууралуу да айта кетсеңиз?
— Фестиваль АКШнын Лос-Анжелес шаарында абдан жакшы өтүп жатат. Быйыл тарыхта биринчи жолу Брюс Ли фонду менен биргеликте Брюс Ли сыйлыгын негиздедик. Азия кинолорунун бүткүл дүйнөлүк фестивалын Disney компаниясынын Eternals фильми менен ачтык. Бул да чоң сыймык. Себеби алар бизге ишенип расмий түрдө кинонун релиздерин беришти. Ал эми 3-ноябрда кыргыз киносунун салттуу күнү өтүп, анда Кыргызстандан келген "Шамбала" жана "Акыркы көч" тасмалары көрсөтүлдү. Албетте, бул фильмди жаратуучулар да катышты. Фестивалга Кыргызстандын АКШдагы элчилиги, диаспоралар жана мекенибизден келген кыргызстандыктар да күбө болушту. Мындан ары Въетнам, Корея өңдүү Азия өлкөлөрүнүн салттуу кино күндөрү белгиленет.
Кинофестивалдын максаты — эл аралык маданий кызматташтыкты өрчүтүү жана Азия менен Голливуддун киноиндустрия жаатындагы байланыштарын чыңдоо.