Кар дагы жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

8 ноября 2021 Кар дагы жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Келе жаткан жумада өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаабай турганы айтылды, бирок күн суук болот.

Кыргызгидромет алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Маалыматка ылайык, аптанын ортосунда тоолуу райондорго эле кар жаабаса, өрөөндөргө жаабайт деп боолголонду. Апта ичи күн ачык болот. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас облустары

Чүй менен Талас облусунда аба ырайы дээрлик окшош боло турганын Кыргызгидрометтин маалыматынан көрсө болот. Эки облуста тең 7-ноябрдан 9-ноябрга чейин күн ачык болот. 10-ноябрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан жаабай турганы айтылды. Андан кийин 11инен 13-ноябрга чейин күн ачык болору божомолдонду.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

7-8-ноябрда жана 9-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 9-ноябрда күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Өрөөндөргө жаабайт. Андан кийин апта этегине чейин күн ачык боло турганы айтылды.

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көлдө 7-ноябрдан 13-ноябрга чейин жаан, кар жаабай турганы божомолдонду.

Бирок тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусу

Нарында дагы 7синен 13-ноябрга чейин күн ачык болот. Анткен менен абанын температурасы көп көтөрүлбөйт. Күндүз 3...5 градуска чейин жылыса, түнкүсүн -6 градуска чейин муздайт.

sputnik