Окумуштуулар COVID-19дан тез айыгууга жардам берген витаминди аташты

8 ноября 2021 Окумуштуулар COVID-19дан тез айыгууга жардам берген витаминди аташты

Адистердин айтымында, катуу оорулууларга күнүнө 6 граммдан 24 граммга чейин витамин кабыл алуу жакшы натыйжа берет.

Жаңы Зеландиянын Отаго университетинин окумуштуулары С витаминин тамырга саюу коронавирус менен ооругандардын айыгышын бир топ тездетет деген бүтүмгө келишти.

Адистердин айтымында, абалы оор бейтаптар үчүн С витамининин суткалык дозасы 6дан 24 граммга чейин саюу оң таасирин тийгизет. Дагы бир изилдөө COVID-19 инфекциясын жуктурган адамдарга С витаминин бергенден кийин айыгуу темпи 70%га жогорулаганын көрсөттү. COVID-19 инфекциясын жуктурган бейтаптардын 80 пайызында кандагы С витамининин деңгээли азайып кеткендиги аныкталган. Дарыгер Марсела Вискайчипи боштукту толтуруу зарылдыгын ырастады.

"Электролиттер, микроэлементтер жана витаминдер, анын ичинде С жана Д витаминдердин көрсөткүчү көзөмөлдөнүшү керек. Бул клиникалык практикада стандарт болушу керек", - деди ал.