"Болочок кудам дагы эле батир жалдап жашайт": таластык келин эмнеге кызын күйөөгө бергиси келбегенин айтып берди

8 ноября 2021 "Болочок кудам дагы эле батир жалдап жашайт": таластык келин эмнеге кызын күйөөгө бергиси келбегенин айтып берди

Арманын айткан аял 18 жаштагы кызы ошон үчүн аны менен сүйлөшпөй жатканын баяндайт.

Анын айтымында, улуу кызы 16 жашынан бери колледжде таанышкан жигит менен сүйлөшүп жүргөн. Эки жылдан кийин экөө тең окуусун бүтө электе баш кошууну чечишкен. Бирок, анын болочок кудалары дагы эле батир жалдап жашап жүргөнүн билип, кызынын турмушка чыгышына каршы болгон.

- Батирлеп, үйү жок жашоо түйшүгүн мендей эч ким башынан өткөрбөсө керек. Жолдошум мени үч балам менен таштап, үйү бар аялга кетип калган. Мындай ачуу сырды эч кимге айткым келген эмес, бирок айтууга туура келди. Эки агам болбосо, мен дагы деле көрүнгөндүн эшигин каккылап жүрө бермекмин.

Кудаларымдын дагы деле батирлеп жүргөнүн укканда, өзүмдүн кыйынчылык менен өткөн өмүрүм көз алдыма элестеп кетти.
Ушуга чейин эки бөлмөлүү кичине үй болсо да ала албаган адамдардын баласы менин кызымдын да ошентип самсалап калбашына ким кепилдик берет? Атасынын батирден батирге көчүп жүргөнүн көргөн бала эртең көрүнгөндүн эшигин каккылап калбайбы? Болочок кудагый кайда карап жүрдү?

Мен кудалар менен жолушуудан көңүлсүз кайттым. Алдымдан чыккан кызыма да эки күн эч нерсе деген жокмун. Аябай көп ойлонуп кызымды азырынча күйөөгө бербей турууну чечтим.

Мен ал жигитке такыр бербейм деген жокмун, окуусун бүтүп, ишке орношсун. Үй-бүлө багуу үчүн өздөрүнүн дараметин көрсөтүшсүн. Жок дегенде баш калкалоочу жайдын пайдубалын тургузсун. Ошондо гана кызымды ага ишенип тапшыра алам... Кызым эки айдан бери мени менен ачык сүйлөшпөй жүрөт. «Эртеңки күнү менин кебетемди кийип, кыйналып жүргүң келбесе, акылга кел, бир аз күт» десем түшүнбөйт. Ансайын кумсарган кызымды көргөндө жүрөгүм ооруп, өзүнө бир нерсе кылып алабы деп корком.

Азырынча ал жигит үйлөнбөй, кызымдын турмушка чыкпай тура турганы туура деп ойлойм, - деди жаштардын келечегин ойлогон эне.