Азык-түлүк арзан сатылат. Бишкекте айыл чарба жарманкеси болот

5 ноября 2021 Азык-түлүк арзан сатылат. Бишкекте айыл чарба жарманкеси болот

Уюштуруучулар айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкеси Токтогул көчөсүндө уюштурулуп, баалар арзан болорун убадалашууда.

Ишемби жана жекшемби күндөрү салттуу айыл чарба жарманкеси бишкектиктер үчүн өзүнүн эшигин ачат.

Айыл чарба министрлигинин билдиришинче, жарманкеден керектүү азык-түлүктөрдү жеткиликтүү баада сатып алууга болот

Иш-чара шаардын Раззаков көчөсүнүн Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн чектешкен аймагында болот.

Арзан азыктарды саткан жарманке жума сайын ишемби жана жекшемби күндөрү саат 9:00дө башталат.

Маалымат үчүн телефондор: 0707 702 703, 0771 949 499, 0700 652 637

sputnik