Жапаров эл аралык форумдан кийин Европа биримдиги менен Борбордук Азиянын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүдө жаңы этап башталды деп эсептейт.
2050-жылга чейин Кыргызстан жашыл өнүгүү платформасында көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Европа биримдиги - Борбордук Азия" биринчи эл аралык экономикалык форумда сүйлөп жатканда айтканын анын маалымат кызматы кабарлады.
"Европа Биримдиги - Борбордук Азия" биринчи эл аралык экономикалык форуму
Ал энергиянын кайра өндүрүү булактары, биринчи кезекте гидроэнергетика — көмүртексиз саясаттын кыймылдаткыч күчү болорун белгилеген.
Президент Садыр Жапаров
"Биз өнөр жай секторун жана турак жай-коммуналдык чарба тармагын көмүртектүү энергия булактарынын ордуна, биринчи кезекте, көмүр менен мазуттун ордуна толугу менен электр кубатына өткөрүү максатында чакан жана орто ГЭСтерди куруу долбоорлорун этап-этабы менен ишке ашырууну көздөп жатабыз", — деген Жапаров.
Ал ырааты менен бул багыттагы иштерди санап өткөн.
Төмөндө Жапаровдун айткандарын келтиребиз:
Экинчиден, санариптештирүү маселесинде системалуу түрдө алдыга жылып жатабыз. Башка нерселер менен катар, COVID-19 пандемиясы биздин өлкөдө маалыматтык технологияларды киргизүүнү тездетти.
Бул өз кезегинде бардык деңгээлдеги коррупцияга каршы күрөшүү боюнча болуп көрбөгөндөй чараларды кабыл алууга көмөктөшөт. Ошондой эле экономикалык реформалар менен бирге Кыргызстанда толук кандуу бизнес чөйрөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
Үчүнчүдөн, бизнес тармагы өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасынын локомотиви экени белгилүү. Кыргызстандын ИДПсында чакан жана орто бизнестин үлүшү 40 пайызга жакын. Бирок, ошол эле учурда, бизде өнүгүүгө мүмкүнчүлүк бар, анткени өнүккөн мамлекеттерде бул көрсөткүч 50 пайыздан ашат.
Быйылкы жылы инвесторлордун ишенимин арттырууга, жагымдуу инвестициялык климатты жана бизнес-чөйрөнү түзүүгө, анын ичинде менчикти коргоого багытталган бир катар токтомдор чыгарылганын белгилеп кетким келет. Аны менен катар экономикалык кылмыштарды декриминалдаштыруу каралган.
Мындай мамиле өлкөбүздүн либералдык мыйзамдары бар демократиялык мамлекет катары мындан ары да өнүгүп баратканын күбөлөндүрөт.
"Урматтуу кесиптештер! Мен бүгүн биз Европа биримдиги менен Борбордук Азиянын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүдө жаңы этап башталды деп айта алам, бул бизге негиздүү оптимизмди берет", — деген Жапаров.
Ал Борбордук Азия чөлкөмүндө соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык жылдан жылга жагымдуу болуп баратат деген пикирин айткан.
"Сандар боюнча айтсак, Дүйнөлүк банктын маалыматына таянсак, 1993-жылы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ИДПсы 45 миллиард АКШ долларын түзсө, 2019-жылы 8 эсеге өсүп, 347 миллиард долларга жеткен. Бул сумма 2030-жылга карата дээрлик эки эсеге көбөйүп, болжол менен 610 миллиард долларга чейин жетет деп күтүлүүдө", — деген Жапаров.
Президент сөзүнүн аягында иш-чаранын катышуучуларына жемиштүү күн каалаган.
https://sputnik.kg/politics/20211105/1054500695/zhaparov-eb-borborduk-aziya-forumunda-suylodu.html