Кыргызстандан Венгрияга түз аба каттамы ачылат

5 ноября 2021 Кыргызстандан Венгрияга түз аба каттамы ачылат

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Венгрияда Кыргызстандын элчилиги ачылган. Кийин Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлгөн.

Жакын арада Кыргызстандан Венгрияга түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу Венгриянын тышкы иштер министри Бишкекте өтүп жаткан "Борбордук Азия ― Европа биримдиги" форумунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкектен Будапештке жумасына эки каттам аткарылып турмакчы.

Каттамды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр былтыртан бери жүрүп келет. Апрель айында Венгриянын Wizz Air авиакомпаниясынын жетекчиси Бишкек ― Будапешт ― Абу-Даби аба каттамын ачуу маселесин талкуулоо үчүн учуп келген.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында аталган өлкөдө Кыргызстандын элчилиги ачылган. Кийин Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлүп, Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги үстүбүздөгү жылдын октябрынан баштап кыргызстандыктарга Венгрияга жана Европа биримдигинин башка бир катар өлкөлөрүнө шенген визасын бере тургандыгы макулдашылган.

sputnik