"Түндүк электр" кээ бир абоненттер үчүн чектөө киргизип жатат

5 ноября 2021 "Түндүк электр" кээ бир абоненттер үчүн чектөө киргизип жатат

Компаниянын маалыматына караганда, мындай чара энергетикалык ресурстарды үнөмдөө менен күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү чыгып кетүү үчүн көрүлүүдө.

"Түндүк электр" абоненттер үчүн мораторий (убактылуу чектөө) киргизип жатат.

Ал абоненттердин бардык категориясына электр энергиясы менен жылуулук берүү жана металл эритүү үчүн техникалык шарт түзүүгө, ошондой эле абоненттер үчүн кубаттуулукту жогорулатууга байланышкан.

Мындай аракеттер "Улуттук энергохолдинг" ААКнын атайын буйругунун негизинде энергетикалык ресурстарды үнөмдөө менен күзгү-кышкы мезгилден ийгиликтүү чыгып кетүү үчүн көрүлүүдө.

"Түндүк электр" Бишкектеги, Чүйдөгү жана Таластагы абоненттерди тейлейт.

sputnik