Сулата тээп, жылдыз болду! Кыргыз мушкеринин нокауту видеодо

5 ноября 2021 Сулата тээп, жылдыз болду! Кыргыз мушкеринин нокауту видеодо

Кыргызстандык мушкер Асылбек Рустамбек OPEN FC ММА лигасынын мелдешинде атаандашын сулата тээп нокаутка кетирди.

Жеңил салмактагы Гран-при мелдешинин жарым финалындагы беттешти аталган уюм өзүнүн Youtube каналына чыгарган.

Кыргыз мушкери жарым финалда россиялык Гусейн Халиков менен кез келип, биринчи раунддун орто ченинде атаандашын нокаутка кетирген. Анын жасаган high-kik (бутту бийикке сунуп тебүү) чабуулу атаандашынын башына таамай тийип, ал жерге кулаган. Асылбек сокку жаадыра баштаганда калыс беттешти токтоткон.

Уюмдун президенти Александр Гурянов кыргыз мушкери уюмдун жаңы жылдызына айланганын белгиледи.

"Бүгүн биздин көз алдыбызда Кыргызстандын жаңы ММА жылдызы пайда болду. Ал Гран-при мелдешинин финалына чыккан Асылбек Рустамбек. Алдыда бизди кызыктуу беттештер күтөт", — деген ал.

Уюмдун кезектеги беттеши 14-ноябрда Минскиде уланары кошумчаланды.

Эскерте кетсек, аталган лиганын буга чейин Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда өткөргөн жеңил салмактагы Гран-при мелдешинде кыргызстандык мушкер Алимардон Абдыкааров чемпион болгон. Финалда ал армениялык Айк Казарянды нокаут кетирип уткан.

sputnik