Кыл чайнашкан кармаш! Айпери Медет кызынын жеңип алган видеосу

5 ноября 2021 Кыл чайнашкан кармаш! Айпери Медет кызынын жеңип алган видеосу

Кыргызстандык спортчу 76 килограмм салмакта колумбиялык Татьяна Рентиера менен кармашып, 3:1 эсебинде утту.

Балбан Айпери Медет кызы Сербияда 23 жашка чейинкилер (U23) арасында өткөн дүйнө биринчилигинде чемпион болду.

Кыз-келиндер күрөшүнүн эң оор 76 килограмм салмак даражасында ат салышкан Айпери колумбиялык Татьяна Рентиера менен айыгышкан кармашта 3:1 эсебинде жеңишти илип кетти.

Айпери биринчи бөлүктө 1:0 менен утулуп жатып, экинчи бөлүктө 1 упайга ээ болуп эсеп теңелди. Акыркы мүнөттө кыргыз балбан кызы атаандашынын артына өтүп эки упай алып алдыга чыкты.

23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионаты Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат.


sputnik