Көмүрдү кымбат саткандардын үстүнөн кайда арызданса болот? Телефондор

5 ноября 2021 Көмүрдү кымбат саткандардын үстүнөн кайда арызданса болот? Телефондор

Агенттик көмүрдү койгон баадан ашыкча саткандарга алгач эскертүү берилерин айтып, эгер аны аткарбаса жеке тараптарга 3 000 сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынарын белгиледи.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Бишкек жана Кыргызстандын бардык жеринде өз баасынан кымбат сатылган көмүр үчүн кайда арызданса болорун айтып, телефон номерлерин жарыялады.

Эске салсак, өлкөдө көмүрдүн наркынын өсүү темпин кармап туруу үчүн өкмөттүн токтому чыккан. Ага ылайык, ар бир аймакта кара алтындын баасы бекитилген.

Агенттик көмүр сатылган жерлерде кардарлар үчүн кара алтындын баасы жазылган маалымат болушу керектигин эскертип, эгер баа кымбаттап кетсе төмөнкү телефондорго чалууну өтүндү:

Агенттиктин борбордук аппараты — 0 (312) 56-33-37, 56-32-19;

Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмдөрү — 66-14-15, 66-48-06;

Ысык-Көл облусу боюнча бөлүмү — 0 (3922) 3-18-86;

Нарын облусу боюнча бөлүмү — 0 3522 5-09-53;

Талас облусу боюнча бөлүмү — 0 (3422) 5-58-51;

Жалал-Абад облусу боюнча бөлүмү — 0 (3722) 7-02-23;

Ош облусу боюнча бөлүмү — 0 (3222) 7-00-25;

Баткен облусу боюнча бөлүмү — 0 (3622) 5-51-49.

Агенттик көмүрдү койгон баадан ашыкча саткандарга алгач эскертүү берилерин айтып, эгер аны аткарбаса жеке тараптарга 3 000 сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынарын белгиледи.

sputnik