Бишкек: айдоочу троллейбустун түтүнүн өчүрүп, жүргүнчүлөрдү чыгарууга үлгүргөн видео

5 ноября 2021 Бишкек: айдоочу троллейбустун түтүнүн өчүрүп, жүргүнчүлөрдү чыгарууга үлгүргөн видео

Окуя бүгүн эртең менен болгон. Түтөгөн троллейбустагы жүргүнчүлөрдү дароо чыгарган айдоочуга соцтармактарда ыраазычылык билдиришүүдө.

Бишкекте троллейбустун айдоочусу жүргүнчүлөрдү сыртка чыгарып, транспорттун үстүнөн чыккан түтүндү өчүрүүгө жетишти. Бул тууралуу маалыматты Троллейбус башкармалыгы кабарлады.

ВИДЕО

Окуя бүгүн эртең менен болгон. Башкармалыктын маалыматы боюнча, троллейбустун үстүндөгү кар эрип, радиореакторго суу кирип кеткен. Анын айынан зымдар тийишип, түтүн чыккан.

"Нургазы Жумадилов аттуу айдоочу инструкцияга ылайык транспортту дароо токтотуп, жүргүнчүлөрдү түшүрүп, түтүндү өчүргөн. Троллейбус оңдоодон кийин линияга кошулду", — деп билдирди троллейбус башкармалыгынан.

Ал ортодо социалдык тармактарда окуянын видеосу чыкты. Колдонуучулар айдоочуга ыраазычылык билдирип жатышат.

sputnik