Бразилияда аарыдан качып көлгө секирген киши тиштүү балыктарга жем болду

4 ноября 2021 Бразилияда аарыдан качып көлгө секирген киши тиштүү балыктарга жем болду

Эркек киши эки досу менен балык кармап жатканда кокусунан аарылардын тобу пайда болгон. Алар кутулабыз деген ойдо сууга чумкушкан.

Бразилияда 30 жаштагы эркек киши аарыдан качып баратып көлгө секирип, ач пираньяларга жем болду. Бул тууралуу LADbible басылмасы жазды.

Окуя Минас-Жерайс штатындагы фермадан алыс эмес жердеги көлдө болгон. Бразилиялык киши эки досу менен балык кармап жатканда кокусунан аарылардын тобу пайда болгон. Алар кутулабыз деген ойдо сууга чумкуган, кийин экөө жээкке чыгып, үчүнчүсүн таппай калышкан.

Куткаруучулар жоголуп кеткен кишини издөө үчүн сууга түшмөк болуп, бирок сууда пираньялар көп экенин эскертишкен. Натыйжада эркек кишинин сөөгү жээктен табылган. Тиштүү балыктар аны жулмалап, оң жак бетин жеп кетишкени айтылды.

Пиранья — тиштүү жана жаактуу жырткыч балык. Алар адатта үйүрү менен жүрөт.

sputnik