Айпери Медет кызы U23 дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Видео

4 ноября 2021 Айпери Медет кызы U23 дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Видео

2021-жылдагы күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат.

Кыргызстандык Айпери Медет кызы күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Мелдештин жүрүшүн United World Wrestling (Бириккен күрөш дүйнөсү) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөттү.

ВИДЕО

Эң оор (76 килограмм) салмакта ат салышкан кыргызстандык балбан кыз жарым финалда АКШлык Кайли Велкер менен кармашып 8:0 эсебинде артыкчылык менен утту.

Эми мелдештин финалында колумбиялык Татьяна Рентиера менен беттешет. Алтын байге үчүн кармаш эртең, 4-ноябрда, болот.

Айпери финалга чейин Экватор жана Индия спортчуларын уткан.

sputnik