Ажырашкан казак жараны калыңга берилген акчаны өндүрүү үчүн сотко кайрылды

4 ноября 2021 Ажырашкан казак жараны калыңга берилген акчаны өндүрүү үчүн сотко кайрылды

3 750 доллар калыңдан сырткары доогер 1 870 долларга бааланган бриллиант менен кооздолгон алтын буюмдарды жана эки килемди кайтарып алууга аракет жасаган.

Казакстандын Мангыстау облусунда эки жыл никеде турган атуул аялы менен ажырашуу боюнча сотко кайрылып, калыңга берилген кымбат баалуу буюмдарды кайтарууну талап кылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Доогер кайын журтунан 800 миң теңгеге (1 870 доллар) бааланган бриллиант менен кооздолгон алтын буюмдарды, эки килемди жана акчалай берилген 1,6 миллион теңгени (3 750 доллар) кайтарып алууга аракет жасаган. Деген менен ал мүлктүк зыян тартканын сот алдында далилдей алган эмес.

"Казактардын салтында жаштар никелешкенде алардын ата энелери эски каада-салт боюнча өз ара кудалашат. Анда берилген белектерди кайра кайтаруу тартиби мыйзамда көрсөтүлгөн эмес", — деп белгиленет соттун билдирүүсүндө.

Сот доогердин арызын четке каккан. Деген менен ал апелляциялык арыз жазып, кайра кароодо күбөлөрдү суракка алууну өтүндү. Сот апелляциялык арызды да канааттандырбай, чечим өзгөртүүсүз калтырылды.

sputnik