Бала жыныстык катнаштын үстүнөн чыкса... ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

4 ноября 2021 Бала жыныстык катнаштын үстүнөн чыкса... ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Бул жубайлар үчүн өтө оор абал.

Илгери гезит-журналдардан ачык сүрөттөрдү көргөндө бетибиз кызарып, бетибизди жаап калчубуз. Азыркы заманда балдардан эч нерсени жашыра албайсың. Чоңдор айтпаганда да ар кандай интернет сайттарда төшөк тууралуу түрдүү маалыматтар көп.

Албетте, эч бир ата-эне баласынын мындай иштерди көргөнүн каалашпайт. Ошон үчүн алар эң биринчи кезекте баланын тынчтыгын ойлош керек.

Эгер балаңыз ошол көрүнүштү көрүп калса...

Балаңыз 2-3 жаштын тегерегинде болсо, мындай баланы алдоо кыйын эмес. Бирок, эң башкысы дүрбөлөңгө түшпөш керек. Болгону, ата-эне сабырдуу болуп, тез арада жөнөкөй жооп даярдаса жетиштүү. Болбосо, бала кырдаалга абдан кызыгып, суроо бере баштайт. Анын ордуна атасынын апасына массаж жасап жатканын айтып, көңүлүн башка жакка буруу керек. Ошол учурда баланын көзүнчө кийинүүгө шашпаңыз. Анын ордуна балаңызды суу алып келүүгө же оюнчугун көрүп келүүгө жибериңиз. Кичинекей бала бул сөзгө алданып, башка бөлмөнү карай жөнөйт. Анан ал келгенче кийинип алганга үлгүрөсүздөр. Кийинки жолу абдан сак болуңуздар!

Ал эми 4-5 жаштан 7 жашка чейинки балдар интимдик байланышка күбө болсо, өзүңүздү кармоого аракет кылыңыз. Караңгы бөлмөдө анын көп нерсени көрбөй, уйкулуу ойгонгондо эч нерсени байкабай калышы мүмкүн. Ошондуктан, мүмкүн болушунча баланы урушпай, кыйкырбай, сабырдуу болушуңуз керек. Анын бөлмөсүнө барышын каалап жатканыңызды билдириңиз. Анан балаңыздын жанына барып, көргөнүн унутууга жардам бериңиз. Жомок окуп берүүгө берет.

Негизинен бала чоңойгон сайын анын аң-сезими калыптанып, өсө берет. Ата-энелер балдарынын мындай жагдайга күбө болбошу үчүн ар дайым сактык чараларын көрүшү керек. Бул үчүн тажрыйбалуу жубайлар төмөнкү кеңештерди сунушташат:

  • Уктоочу бөлмөнүн эшигин ичинен бекитүүнү унутпаңыз;
  • Балаңызды чоңдордун бөлмөсүнө кирерде эшикти кагып кирүүнү үйрөтүңүз;
  • Эгер балаңыз менен бир бөлмөдө уктасаңыз, бөлмөнүн ортосуна парда же жука чүпүрөк илип коюуну унутпаңыз;
  • Жыныстык катнаш учурунда катуу үн чыгаруудан алыс болуңуз;

Бул кеңештерди колдонсоңуз, балага психологиялык жүк түшүрө турган терс жагдайдын алдын алган болосуз.