Уулун тизесине отургузуп алып унаа айдаган ырчы. ЖКККББнын реакциясы

3 ноября 2021 Уулун тизесине отургузуп алып унаа айдаган ырчы. ЖКККББнын реакциясы

ЖКККББнын маалымат кызматы ырчынын бул видеосуна карата мыйзам чегинде чара көрүлө турганын белгиледи.

Кыргызстандык ырчы Дайыр Исмадияров кичинекей уулун тизесине отургузуп алып автоунаа айдаган видеосун өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.

ВИДЕО

Бул видео интернетке да тарап, ал Өзгөндө тартылганы көрсөтүлгөн. Интернет колдонуучулардын айрымдары Исмадияров жол эрежесин бузуп жатканын жазышкан.

ЖКККББнын маалымат кызматы ырчы жол эрежесин бузганын айтып, анын уулун алдына алып унаа айдаган видеосуна карата мыйзам чегинде чара көрүлө турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Исмадияровдун Instagram баракчасына 1 миллион колдонуучу катталган.

sputnik