Тиштерин сындырып салган. Балдарынын эркелигин көтөрө албаган ата балдарын сабап салды

3 ноября 2021 Тиштерин сындырып салган. Балдарынын эркелигин көтөрө албаган ата балдарын сабап салды

Казакстандын Павлодар шаарында балдарынын эркелигин көтөрө албаган ата аларды катуу сабап салган.

Окуяга байланыштуу тергөө жумуштары башталды. Полицияга 36 жаштагы келин кайрылып, 28-октябрда күйөөсү алты жашар уулу менен жети жашар кызын урганын айткан. Анын натыйжасында уулунун эки тиши сынып калган.

“Окуя болгон учурда аял жумушта болгон. Атасы менен калган балдар эркелеп, балконго чыгып-кирип, атасынын сөзүн угушкан эмес. Балдарды басуу үчүн эркек балдарга кол көтөргөн”, - деп Павлодар облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.