Садыр Жапаров: узак жана кооз сүйлөгөндөрдүн доору өттү

2 ноября 2021 Садыр Жапаров: узак жана кооз сүйлөгөндөрдүн доору өттү

Жапаров климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча максаттуу программаларды ишке ашыруу үчүн БУУнун колдоосу менен атайын фонд түзүүнү сунуштады.

Узак жана кооз сүйлөгөндөрдүн доору өттү, максаттуу, ырааттуу жана натыйжалуу аракет кылууга убакыт келди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциянын 26-конференциясынын дүйнөлүк лидерлеринин саммитинде сүйлөп жатып билдирди.

Жапаров климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасирине байланыштуу көйгөйлөрдүн көбү тоолуу өлкөлөргө мүнөздүү экенин белгиледи.

"Аларды чечүү үчүн өкмөттөргө, анын ичинде Кыргызстандын өкмөтүнө тышкы жардам зарыл. Буга байланыштуу биз Глазгонун чечимдеринде өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөр үчүн өзүнчө, максаттуу каржылоону кароону сунуштайбыз", — деди президент.

Ал ошондой эле БУУнун колдоосу менен фонд түзүүнү сунуштады.

"Биз мөңгүлөрдү, токойлорду жана биологиялык көп түрдүүлүктү сактоого, табигый кырсыктарга даярдыкты жакшыртууга, тоолуу жамааттарга, айрыкча аялдарга жана балдарга социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүүгө басым жасоо менен климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча максаттуу программаларды ишке ашыруу үчүн БУУнун колдоосунда атайын фонд түзүүнү сунуштайбыз. Узак жана кооз сүйлөгөндөрдүн доору өттү, максаттуу, ырааттуу жана натыйжалуу аракет кылууга убакыт келди", — деди Жапаров.

Өлкө башчы биргелешкен аракеттер аркылуу гана көйгөйлөрдү чечүүгө болорун баса белгиледи.

sputnik