Жо Байден, Кейт Миддлтон. Жапаров Глазгодо кимдер менен жолукту? Сүрөт

2 ноября 2021 Жо Байден, Кейт Миддлтон. Жапаров Глазгодо кимдер менен жолукту? Сүрөт

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын королдук үй-бүлөсү уюштурган салтанатка катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, саммиттин алкагында Улуу Британия менен Түндүк Ирландиянын королдук үй-бүлөсү дүйнө лидерлерин кабыл алып, ага президент Садыр Жапаров да барган. Падышанын үй-бүлөсүнүн атынан меймандарды ханзаада Чарльз кабыл алды.

БУУнун климат боюнча конференциясынын алкагындагы кечки сый кечеге башка өлкөлөрдүн лидерлери жана делегация башчылары катышты", — деп айтылат маалыматта.

Сүрөттөн көрүнүп тургандай, Жапаров салтанатта АКШ президенти Жо Байден, ханзаада Уильямдын жубайы Кейт Миддлтон, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана башка лидерлер менен жолуккан.

Белгилей кетсек, Жапаров Глазго шаарына БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин саммитине катышуу үчүн барган.


sputnik