20 сомдук купюра аукционго өзүнөн 470 эсе кымбат коюлду

2 ноября 2021 20 сомдук купюра аукционго өзүнөн 470 эсе кымбат коюлду

Кыргызстандын 20 сомдук купюрасы eBay интернет-аукционуна сатыкка коюлду. Ал 2002-жылы чыгарылган үчүнчү сериядагы акча болуп саналат.

Анын баштапкы наркы 111 доллар (9 миң 420 сом) деп бааланууда. Банкнот BE 0000000 сериясына таандык, бирок ага "Үлгү" деген мөөр басылган эмес.

Буга чейин Улуттук банктан билдиргендей, сериялык номерлери жети нөлдөн турган банкноттор көргөзмө катары саналып, төлөм каражаты болуп саналбайт.


sputnik