"Бул менин атам": Атактуу блогер маркум атасынын табыты менен сүрөткө түшкөнү үчүн балээге калды

2 ноября 2021 "Бул менин атам": Атактуу блогер маркум атасынын табыты менен сүрөткө түшкөнү үчүн балээге калды

АКШда мода жана саякат тууралуу посттору менен белгилүү болгон фитнес-блогер Джейн Ривера атасынын табытынын жанында сүрөткө түшкөнү үчүн сынга кабылды. Ал өзүнүн сүрөттөрүн Instagram жана TikTok баракчаларына жайгаштырган, деп жазат New York Post басылмасы.

Ривера социалдык тармактагы баракчаларына кеминде сегиз сүрөтүн жарыялаган. Ал жерден жаркыраган көйнөкчөн кыз жылмайып, эңкейип, көзүн жумуп жатканын көрүүгө болот.

Бул фотосессияга чейин блоггердин жашоосун Инстаграмда жүз миңдеген адамдар көрүшкөн. ТикТоктто 300 000ден ашык жазылуучусу 

болгон. Ал тургай анын бир видеосу буга чейин 11 миллиондон ашуун көрүүгө ээ болгон.

Табыттын жанындагы фотосессия күтүүсүздөн блоггерге бир топ ыңгайсыздыктарды жаратты. Жазылуучулар анын аккаунтун массалык түрдө четке кагып, терс комментарийлерди калтырышкан. Алардын арасында кызга бул акыркы “кошоктун фотосессиясы” экенин айткандар да болгон.

"Бул Инстаграмдагы эң коркунучтуу пост", "Сүрөттү өчүрүп, кечирим сура", "Сүрөттөр сен жөнүндө билишибиз керек болгон бардык нерсени көрсөттү", “Болду, мен сенин баракчаңдан кетем”, - дешкен жазылуучулар.

Блогер этиятсыздыктан улам канча жазылуучусун жоготкондугу белгисиз. Сындын астында калган кыз интернеттеги бардык баракчаларын жаап салган.