Декандын орун басары студент кызды зордуктоого аракет кылып, андан соң терезеден ыргытып жиберген

2 ноября 2021 Декандын орун басары студент кызды зордуктоого аракет кылып, андан соң терезеден ыргытып жиберген

Ташкент мамлекеттик педагогикалык университетинин директорунун жаштар иштери боюнча орун басары Богабек Юлдашев 3-курстун студенти Муштари-бону Камилованы зордуктоого аракет кылып, андан соң 3-кабаттын терезесинен ыргытып жиберген. Бул тууралуу Nemolchi.uz укук коргоо уюмуна кабарлайт.

Студент Зульфия атындагы байгеге сынакка катышуу үчүн күбөлүк алууга Юлдашевдин кабинетине барган. Буга жооп катары декандын орун басары жарыкты өчүрүп, аны кармалап, диванга жаткырууга аракет кылган.

ВИДЕО

Ал каршылык көрсөтүп кыйкырган. Ошол кезде жаш жигит эшик кагат. Кыз качып барып, терезеден жардамга чакырган. Муну көргөн декандын орун басары аны терезеден түртүп жиберет. Терезени жаап, пардаларды түшүрүп, эшикти ачкан. Жигит декандын орун басарын кармап алып, кызга барышкан. Бирок, ал кыз өзү секирип кеткенин айтып, аны ооруканага алып барууну сунуштаган.

Дарыгерлер кызга "муун жаракаты, оң жак ээк сөөгү менен жамбаш сөөгү, бешинчи бел омурткасы сынган, баш мээсинин жабык жаракаты, баш мээси чайкалган жана травматикалык шок" деген диагноз коюшкан. Ага бир нече жолу операция жасалган.

Окуя боюнча иликтөө иштери башталып, ден соолукка атайылап зыян келтирүү боюнча кылмыш иши козголгон. Анткен менен, укук коргоочулар өлкөдө кысымдан системалуу коргоо жок экенин айтышат.