Жол кире дагы көтөрүлсүн! Кара-Балтада маршрутка айдоочулары талабын айтты

1 ноября 2021 Жол кире дагы көтөрүлсүн! Кара-Балтада маршрутка айдоочулары талабын айтты

Айдоочулар тарифти көтөрүү боюнча чечимге нааразы болууда. Жол кире 1-ноябрдан тарта 10дон 13 сомго жогорулаган.

Кара-Балта шаарында маршрутка айдоочулары жол кирени көтөрүү талабы менен иш таштады. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жеринен билдирди.

Алар жергиликтүү бийлик тарабынан басым болот деген шектенүү менен аты-жөнүн атоодон баш тартышты.

Шаар ичинде бир дагы жүргүнчү ташыган бус каттамга чыккан эмес. Жайыл райондук акимиаттын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр натыйжа берген жок.

Айдоочулар тарифти көтөрүү боюнча шаардык кеңештин чечимине нааразы болууда. Жол кире 1-ноябрдан тарта 13 сомго жогорулап, майыптар, пенсионерлер жана окуучулар үчүн мурдагыдай эле 7 сом бойдон калган. Мурда калаада 10 сом болчу.

"Биз менен акимдин орун басары жана шаардык кеңештин төрагасы жолукту. Алар эртең шаардык кеңештин жыйыны болорун айтты. Маселени чечүүгө эки жума берүүнү суранышты. Биз маселе чечилмейин иштебейбиз", — деди айдоочулар.

Кара-Балта — Бишкек каттамы боюнча жол кире 75 сом, ал эми Кара-Балта — "Дордой" базары 85 сом.

Маршруткачылар Бишкекте тариф 15 сомго көтөрүлүп, Кара-Балтада 13 сомго гана жогорулаганына нааразы болууда.

"Иштеген акчабыз тетиктерге, тамак-ашка, күйүүчү майга эле кетип, өзүбүзгө эч нерсе ашпай атат. Бишкекте тетиктерди жакын жерден алышат, бул жакка соодагерлер алып келип, үч эсе кымбат сатат. Шаар ичинде тогуз каттам менен 90 маршрутка иш таштады. Шаарлар аралык каттам токтогон жок", — деди айдоочулар.

Нааразычылык акциясы Жайыл райондук акимиаттын алдында өтүп жатат.

sputnik