Эртең Бишкектин эки конушунда таза суу өчүрүлөт

1 ноября 2021 Эртең Бишкектин эки конушунда таза суу өчүрүлөт

Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарындагы, ошондой эле шаардык суу кампаларда профилактикалык иштер аткарылат. Мэрия тургундарды суу камдап алууга чакырды.

Эртең, 2-ноябрда, Бишкектеги Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарында таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Бул күнү эки конуштагы жана шаардык суу кампаларда профилактикалык иштер аткарылат. Буга байланыштуу 9:00дөн 15:00гө чейин Калыс-Ордодо, 9:00дөн 17:00гө чейин Мурас-Ордодо таза суу болбойт.

Мэрия жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, жарандарды суу камдап алууга чакырды.

sputnik